Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Мекендештер” теледолбооруна акчалай колдоо көрсөттү

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чет жердеги мигранттар турмушун чагылдырган “Мекендештер” телекөрсөтүүсүнүн чыгармачыл жамаатын кабыл алып, 200 миң сом акчалай көмөк көрсөттү.

Өлкө башчысы алыстагы мекендештердин турмушунан үзгүлтүксүз кабар алып, алардын күнүмдүк жашоосун чагылдырып турган мындай телекөрсөтүү коомчулук үчүн да, мигранттар үчүн да пайдалуу экенин белгиледи.

“ЭлТР” МТКнын “Мекендештер” теледолбоору 2008-жылдан тартып эфирге чыгып, телеберүүнүн авторлору буга чейин Орусиянын жыйырмадан ашуун шаарларын кыдырып, мигранттар турмушу жөнүндө маалымат берип келет.

2015-жыл 29-май