Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жеңишбек Райымбаевке өмүр бою төлөнүүчү Президенттик стипендия белгиленип, дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында Райымбаев Жеңишбек Айылчиевичке ай сайын 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы  белгиленди. Стипендия 2015-жылдын 1-майынан тартып  төлөнөт.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын буйругу менен Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Райымбаев Жеңишбек Айылчиевичке дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом  бөлүндү.

2015-жыл 28-май