Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу чек арачы жоокерлер!

Кымбаттуу ардагерлер!

 

Сиздерди Чек арачылар күнү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 16 жылдыгы менен куттуктайм!

Бул  майрамда биз кыйынчылыктарга  жана  оор шарттарга карабай  Мекенибиз Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз.

Сиздердин кызматка  ар дайым  кесипкөйлүк талаптар гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык  жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.

Мезгилдин өктөм талабы интеграциялык бирикменин – Евразия экономикалык союзунун тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган милдеттерди алдыга коюуда. Сиздер жаңы милдеттерди абийирдүүлүк жана ар намыс менен аткарасыздар деп ишенем.

Быйыл биз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын кеңири белгиледик. Бул ыйык майрам баскынчыларга  биринчи болуп каршы турган чек арачылардын каармандыгынын, баатырдыгынын жана майтарылбас эркинин символу болуп калды. Алардын эрдиги азыркы муундагы чек арачылар үчүн  кайраттуулуктун жана жоокердик милдетине чындап берилгендиктин бийик үлгүсү.

Урматтуу чек арачылар жана ардагерлер!

Майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм!  Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                             Алмазбек  Атамбаев”

2015-жыл 28-май