Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун бир катар мектептерин кыдырып чыкты

Бүгүн, 2015-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош облусунун бир катар билим берүү мекемелеринде болду.

Мамлекет башчысы Араван районундагы  Бирлик айылындагы №48-орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп, болочоктогу мектептин  долбоору менен таанышты.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Араван районундагы Мангыт айылындагы авариялык абалдагы А.Эшенкулов атындагы орто мектебине барды. Мектептин жетекчилиги  окуу процессин уюштуруу максатында палаткаларды тиктирүү тууралуу чечим кабыл алган.

Мамлекет башчысы  тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине  тез арада мектептин жаңы имаратынын долбоорун баштоо милдетин  тапшырды. 

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле  Араван районундагы Жаңы-Абад айылындагы М.Назаров атындагы орто мектептин спорттук залынын ачылыш аземине катышты.  

 Өз сөзүндө Мамлекет башчысы  билим – эң башкы байлык экендигин баса белгиледи. “Биздин башкы максатыбыз билимдүү жаштарды тарбиялоо. Биз балдарга  билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүп, ошол аркылуу өлкөбүздүн келечеги тууралуу кам көрүүгө тийишпиз. Биздин келечегибиз – биздин балдарыбыз. Биздин нефтибиз да, газыбыз дагы жок, бирок биздин жакшынакай балдарыбыз бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы  балдарды жаштайынан тартып улутуна жана расасына карабастан адамдар бардыгы бирдей деген идеяга жана толеранттуулукка  тарбиялоо зарылдыгын баса белгиледи. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мектепке белек катары спорттук инвентарь тартуулады.

 Иш сапарынын соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жарооз айылындагы Д.Султанов атындагы № 118-мектеп-интернатта болуп, окуучулардын турмушу жана билим алуу шарттары менен таанышып чыкты.

 Мамлекет башчысы №118-мектеп-интернаттын жетекчилерине мекеменин ремонтун жүргүзүү үчүн 2 млн.сомго сертификатты тапшырды.

 Ушуну менен Президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад жана Ош облустарына жасаган иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы бүгүн кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

2015-жыл 27-май