Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы чогулгандарга өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары  тууралуу айтып берип, алардын суроолоруна жооп берди.

Тактап айтканда, Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөдө жана региондо ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө, ошондой эле Ош облусун мындан ары социалдык-экономикалык  өнүктүрүүнүн пландарына токтолду.

Мамлекет башчысы  өлкөбүздүн алдыдагы интеграциялык процесстерге катышуусу Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарын, биринчи кезекте айыл чарбасын  өнүктүрүү үчүн жакшы шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучуларынын өтүнүчтөрүн жана суроолорун угуп, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир катар тапшырмаларды берди. Жолугушууда көтөрүлгөн бир дагы маселе мамлекеттик органдар тарабынан кароосуз калтырылбастыгын баса белгиледи.

2015-жыл 27-май