Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында аскердик шаарчанын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 26-майында,  Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында №52870 аскердик жаңы шаарчанын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө офицерлерди жана жоокерлерди аскердик шаарчанын ачылышы менен  куттуктады. 

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматчыларын колдоонун өзгөчө маанисин жана зарылчылыгын  белгиледи. ”Ким өз аскерин бакпаса, башканын аскерин багат деген кеп эзелтен белгилүү. Кыргызстанга  күчтүү, заманбап жана жөндөмдүү аскер керек экендигин мезгил көрсөтүп жатат. Кеп аскердин санында эмес, сапатында”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы  атайын багыттагы “Илбирс” бөлүмчөсүнүн жоокерлерине ЖККУ  ЫАЖК машыгууларынын алкагында милдеттерин ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын гвардиячыларынын Москва шаарындагы Жеңиш парадына үлгүлүү катышкандыгын белгиледи.

 Президент Алмазбек Атамбаев  эзелтен кыргыз жоокерлери тайманбастыгы жана эрдиги менен даңазаланып келгендигин белгиледи. Тарыхтын эң татаал учурларында, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандыктардын баатырдыгын эске салды.

“Бүгүн, өзүңүздөр көрүп тургандай, мамлекет армияга өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Эгерде  мурда мамлекет  аскерин өтүгү жок калтырса, бүгүн жаңы аскердик шаарчалар курулуп, жаңы кийимдер тигилүүдө. Бир жылдан кийин бардык аскерибиз жаңы формачан жүрүп калат. Заманбап техника жана курал-жарактар келип жатат. Миң тоннасы келди, дагы ушунчасы келет. Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун бирдиктүү борбору болуп саналган Генералдык штаб түзүлдү. Учурда Кыргызстан  өзүн коргоого жөндөмдүү”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо боюнча маселелерди чечүүгө жана  аларды турак жай менен камсыз кылуу үчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын баса белгиледи. “Мен биздин аскерибиз, жоокерлерибиз жана офицерлерибиз менен сыймыктанам”,- деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

2015-жыл 26-май