Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы №6-орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна даярдык көрүү боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 2015-жылдын 26-майында, Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы авариялык абалдагы №6-орто мектептин жагдайы менен таанышып чыкты.

256 окуучуга ылайыкталган бул мектеп 1937-жылы эксплуатацияга берилген. 2011-жылы атайын комиссия тарабынан балдарды окутууга жараксыз деп табылган.

Мамлекет башчысы билим берүү мекемесинин өтө жаман абалын белгилеп, жергиликтүү бийликке жаңы мектептин имаратынын курулушун долбоорлоонун тиешелүү документтерин тез арада даярдоо   боюнча тапшырма  берди.

2015-жыл 26-май