Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун активи менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 26-майында,  Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев облустун активи менен жолугушту.

Суроо-жооп  алкагында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар  ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Тактап айтканда, Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун маанисин баса белгиледи. “Бул биз үчүн абдан татаал иш болду. Бирок биз бирликке улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, абдан жакшы жеңилдиктерди алып кошулуп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ушул багытта кеп кылып келип, Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген кредиттеринин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын белгиледи. “Өлкөнүн  интеграциялык процесстерге катышуусу айыл чарбасын өнүктүрүүгө катуу түрткү  берээрине ишенем. Биз  мамлекеттик чек араларды делимитациялоого жана демаркациялоого байланыштуу маселелерди тездете алабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы ошону менен бирге кыргызстандыктар алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорго абдан жооптуу  мамиле жасоого тийиш экендигин белгиледи. Анткени парламентке шайлоолор өлкөнү мындан ары өнүктүрүүдө жана демократиялык принциптерди бекемдөөдө зор мааниге ээ.

 Президент Алмазбек Атамбаев региондорду жана өлкөнүн экономикасынын түрдүү тармактарын өнүктүрүүдө каналдардын курулушу өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

 Мамлекет башчысы ошондой эле  дин чөйрөсүндөгү, коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясаттын  негизги  багыттары, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

2015-жыл 26-май