Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында болду

2015-жылдын 25-майында, Жалал-Абад жана Ош облустарына жасаган   иш сапарынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 24-майында жер көчкү жүргөнЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында болду.

Мамлекет башчысы кыйрап калган үйлөрдү көрүп чыкты,  калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү  менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан улам каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.

Жергиликтүү калк менен жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев  жер көчкүдөн улам кыйрап калган 8 үйдө жашаган үй-бүлө  тез арада коопсуз жерге көчүрүлүүгө тийиш экендигин баса белгиледи. “Ачык айтайын,  губернатор курулуш жүргүзүү үчүн тез арада жер участокторун бөлүп берүүгө тийиш. Каражат табабыз. Эч ким көчөдө калбайт”,- деди Мамлекет башчысы жергиликтүү элге кайрылып.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиеваны жер көчкүдө каза тапкандардын жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү үй салышы үчүн жер участокторун табууга  милдеттендирди.

2015-жыл 25-май