Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатына микроавтобус сатып алуу үчүн 600 000 сомго сертификат тапшырылды

Бүгүн, 2015-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын 50 жылдык салтанаттуу маарекесине катышты.

Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан  музыкалык мектеп-интернаттын жамаатына жана окуучуларына куттуктоону окуп берди.

“Сиздердин музыкалык мектеп-интернат өлкөбүздүн  билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Жарым кылымдын аралыгында мектеп уясынан ондогон таланттуу музыканттарды, аткаруучуларды жана педагогдорду тарбиялап чыгардыңыздар.Кыргызстан элинин музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуздар”, – деп белгиленет Мамлекет башчысынын  куттуктоосунда.

Кыргыз Республикасынын Президентини Аппаратынын жетекчиси музыкалык мектептин эмгек жамаатына аткарган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, баарына чың ден-соолук менен бакыт-таалай каалады.

Ошондой эле, Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын директору И. Аманбаевге микроавтобус сатып алуу үчүн 600 миң сомго сертификат тапшырды.

2015-жыл 25-май