Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин учурдагы ишмердиги жана коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан  аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев   ички иштер органдарынын алдында  биринчи кезекте элдин ишенимине ээ болуу боюнча олуттуу милдеттер тургандыгын баса белгиледи. “Элибиз  милиционерлер  алардын укугун коргойт жана адилеттүүлүктү кепилдейт деп  ишениши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Өкмөт милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүн техника менен жабдып, милициянын калк менен тыгыз байланышын камсыз кылууга милдеттүү экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 25-май