Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттин Эмиринин жеке өкүлү, Кувейт Мамлекетинин муниципалдык кеңешинин төрагасы Мухальхил Аль Халидди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кувейттин Эмиринин жеке өкүлү, Кувейт Мамлекетинин муниципалдык кеңешинин төрагасы Мухальхил Аль Халидди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасы  менен Кувейт Мамлекетинин  ортосунда түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн  перспективалары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Кувейттин Эмиринин жеке өкүлү Мухальхил Аль Халид  соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын белгилешти.

Мухальхил Аль Халид Алмазбек Атамбаевге Кувейт Мамлектинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмед Аль-Сабахтын ыраазычылык сөздөрүн жана атайын кайрылуусун жеткирди.

2015-жыл 25-май