Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана калкка тийиштүү жардам берүүнү тапшырды

Бүгүн, 2015-жылдын 24-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча республиканын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер көчкүдөн кийин сактоо жана калыбына келтирүү иштерин жөнгө салуу үчүн Жалал-Абад областынын Сузак районуна келди. Ошондой эле жер көчкү болгон аймакка Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев да учуп кетти.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыска мөөнөттө жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан калкка тийиштүү жардамдарды берүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областындагы жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Мамлекет башчысынын буйругу менен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүндү.

2015-жыл 24-май