Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну  ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Россия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 21-май