Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө билдирүүгө  милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып 10 күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

2015-жыл 21-май