Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекетке расмий сапар менен келген Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы кызматташуунун учурдагы абалына  жана келечегине тиешелүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле  Президент Алмазбек Атамбаев менен  Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф эл аралык жана регионалдык  актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып,  тактап айтканда ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү маселелерге  токтолушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-пакистандык кызматташууга чоң маани берет деп белгилеп, Пакистандын Премьер-министри Наваз Шарифтин расмий сапары эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана жандандырууга жаңы дем берээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Наваз Шариф достуктун жана жакшы коңшулаштыктын тыгыз тарыхый байланышына  негизделген эки тараптуу кызматташуу ыраттуу өнүгүп жаткандыгын  белгиледи. “Биздин мамилелер өнүгүү жолунда экендигине ишенем. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди   чыңдап  жана жакындаштырууга жетишебиз деп ишенем. Мамилебиз мындан дагы жылуу болот деген үмүттөбүз”, - деди Наваз Шариф.

Ошону менен бирге  Наваз Шариф Кыргызстандын демократияны бекемдөөгө зор салым кошкондугун Пакистан жогору баалайт деп баса белгилеп кетти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде активдештирүүгө  эки тарап тең бирдей умтулаарын билдиришти.

2015-жыл 21-май