Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына төп келет”

Бүгүн, 2015-жылдын 21-майында, салтанаттуу кол коюу аземи өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөнүн тагдыры үчүн бүгүнкү күндүн маанисин баса белгиледи.Бүгүн биз үчүн даңазалуу күн. Азыр Кыргызстандын  Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлат. Ошентип биз дүйнөдөгү эң ири экономикалык бирикмелердин бирине кошулуу боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду толук аяктадык”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысыӨкмөт мүчөлөрүнө, Жогорку Кеңешке, Президенттин Аппаратына Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу боюнча аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Сиздерге маалым болгондой, Кыргызстан өкмөтү 2011-жылдын апрелинде Бажы бирлигине кошулуу боюнча стратегиялык чечим кабыл алган.Эки жылдын аралыгында биз  глобалдуу коркунучтарды жана тенденцияларды эске алуу менен интеграциянын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин терең изилдедик”, - деди Алмазбек Атамбаев. – 2013-жылдын май айында Бажы  биримдигине  кошулуу үчүн расмий арыз берилген. Чоң иш жасалып, кыска мөөнөттүн аралыгында Кыргызстандын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча Жол картасы иштелип чыккан. Экономикабыздын мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдерди эске алуу зарыл эле. Эң негизгиси  Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске  алуу зарыл болчу”.

Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ кошулууда жакшы жеңилдиктерге жетишкендигин баса белгиледи. “Кыргызстан бул бирикмеге кошулууда улуттук кызыкчылыктарыбызды башкы орунга коюп, бир топ жеңилдиктерге жетишти. Ошондон кийин гана биз Евразия экономикалык бирикмеге кошулуу боюнча келишимге кол койдук”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Интеграциянын артыкчылыктары тууралуу кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн кошулуусу Кыргызстандын товарлары жана кызматтары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 175 миллиондук рыногуна жол ачаарын белгиледи. Бул жагдай өз кезегинде  улуттук товарларды экспорттоо ишине өбөлгө түзөт, сапатты арттырууга, улуттук продуктулардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн да, башка чет мамлекеттерден дагы Кыргызстанга келчү инвестициялардын агымын өстүрөт.

Мамлекет башчысы экономикабызды жаңы шарттарга ылайыкташтыруу үчүн жалпы капиталы 1 миллиард АКШ доллары болгон  Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул фонд экономиканын эң артыкчылыктуу секторлорун каржылайт. Ошондой эле  жаңы шарттарды жана коркунучтарды эске алуу менен, Кыргызстандын экономикасын реструктуризациялоо, экономиканын реэкспорттук моделинен өнүгүүнүн динамикалуу моделине өтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары интеграциянын алкагында Жол картасын ишке ашыруу үчүн техникалык жардам иретинде Россия Федерациясы 200 млн доллар, Казакстан Республикасы 100 млн доллар бөлүп берди. “Бул каражаттар чек арадагы бажы постторун  союздун  стандарттарына ылайык келтирүүгө жана ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн лабораторияларды  жакшыртууга жумшалды. Бул жагдай товарларыбызды бардык өлкөлөргө чыгарууга жол ачат”, - деди  Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы интеграция ошону менен бирге  Кыргызстанга  чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттарынын маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, интеграциянын дагы бир артыкчылыгы - Кыргызстан бажы төлөмдөрүнүн жалпы корзинасындагы  “бөлүштүрүү үлүшүн” 1,9%  жеткирүүгө жетише алды.

“Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам шилтеди. Алдыда  – жаркыраган келечек, бирок жолубуз жеңил-желпи болбойт. Өлкөбүздүн экономикасы кыска мезгилдин аралыгында жаңы шарттарга ылайыкташып, өнүгүүгө күчтүү түрткү бериш үчүн биз көп күч-аракет жумшашыбыз керек,- деди Алмазбек Атамбаев. - Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына төп келет”.

 Кол коюу аземинин соңунда  Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу кыргызстандыктардын  турмуш деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүп, элдин жыргалчылыгын арттырууга жол ачат деп  белгиледи.

Мыйзамга кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Экономика министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын  Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрайымы Нурсулу Ахметова, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу  элчиси Андрей Крутько, Армения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу  элчиси Ара Саакян, Белорусия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу  элчиси Виктор Денисенко, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ербол Ахметов жана башка бир катар расмий адамдар катышышты.

2015-жыл 21-май