Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Райнер Линднерди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Райнер Линднер баштаган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-германиялык  соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Германия экономикасынын  Чыгыш комитетинин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандагы немис ишканаларынын активдүүлүгүнө өбөлгө түзүү маселелери  талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр жөнүндө, ошону менен бирге Кыргызстандагы чет мамлекеттик капиталдык салымдар үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жаатындагы аракеттер, анын ичинде инвестициялык жана салык саясатын либералдаштыруу  жөнүндө маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын алдыдагы Евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу экономиканын  түрдүү  тармактарын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Аткаруучу директор Райнер Линднер немис ишкерлери өнөр жай, инфратүзүмдүк, тоо кен, банк  жана башка тармактардагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда Германия экономикасынын күнүн ийгиликтүү өткөрүүнү каалап,  бул иш чара кыргыз-германиялык мамилелерди мында ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жаңы дем берерине ишенээрин билдирди.

Ошондой эле жолугушууга ГФРнын Экономика жана энергетика Федералдык министрлигинин департаменинин жетекчиси Андреас Нойманн, Германия экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн Башчысы Йорг Хетч, ГФРнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гудрун Мария Срэга жана “ГТЦ” эл аралык кызматташуунун  Германия коомунун менеджерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоордун жетекчиси Анжела Лееке катышышты.

2015-жыл 20-май