Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – администрациялык милдетин азайтуу үчүн киреше, роялти жана сатуудан салыктарды төлөө жана салыктардын отчеттуулугун берүү мөөнөтүнүн мезгилдүүлүгүн кыскартуу жолу менен кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана колдоо көрсөтүү.

Мыйзам менен кичи жана орто ишкердик, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга мурдагы  ай сайын салык  төлөө жана отчет берүүнүн ордуна квартал сайын отчет берүү тартиби  аныкталат. Коммерциялык эмес уюмдарга ушул тартип жеке киреше салыгына карата  гана жайылтылат.

Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 20-май