Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууКыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жазык-аткаруу тутумунун органдарына  жана мекемелерине жарандарды кабыл алуу шарттарын жакшыртуу болуп саналат.

 Бул максатты ишке ашыруу үчүн өзгөртүүлөр киргизилип, аларга   ылайык:

1) кызматка кабыла алууда талапкерлерге 1,5 жыл эмгек стажысы керек деген талап алынып салынат;

2) анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн жарандар гана кызматка кабыл алынат;

3) аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өтөгөндүгүнө карата талаптар аялдарга жайылтылбайт;

4)  ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат ордуна контракттык негизде кызматка кабыл алынчуларга  чектөөлөр белгиленет (салыштырмалуу таблица тиркелет).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


 

2015-жыл 19-май