Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, ошондой эле 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн  улуттук стратегиясында  каралган ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Министр Таалайбек Айдаралиев мамлекеттин айыл чарба продукциясын сертификациялоо лабораторияларын Евразиялык экономикалык союздун ченемдерине ылайыкташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мындан ары да жаңы сугат жерлерин пайдаланууга киргизүү, дыйкан чарбаларын сугат суусу  менен камсыз кылуу зарылчылыгын, мамлекеттин Евразиялык мейкиндиктеги экономикалык интеграциялык  процесстерге катышуусунун контекстинде айыл чарба тармагын  өнүктүрүү  өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 18-май