Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 3 654 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 578 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

“Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

“Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

2015-жыл 16-май