Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Гүльнара Искакова Кыргызстандын Швейцариядагы, Лихтенштейндеги, Италиядагы Элчисинин, Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Искакова Гүльнара Тентиевна Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы, эки ишти айкалыштыруу боюнча Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынынын  Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кызматынан бошотулду.

2015-жыл 15-май