Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө жергиликтүү маанидеги автжолдорду реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 2015-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевге жергиликтүү маанидеги автожолдорду реабилитациялоонун атайын программасын иштеп чыгып, ишке ашыруу боюнча тапшырма берди.

Өкмөт башчысы менен республиканын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Президент Алмазбек Атамбаев  акыркы жылдары Кыргызстанда  республикалык жана эл аралык маанидеги  автомобилдик жолдорду куруу жана ремонттоо ишинде олуттуу жылыштар болгондугун белгиледи. Бирок, Мамлекет башчысынын ою боюнча өлкөнүн аймактарында жергиликтүү маанидеги жолдорду тиешелүү деңгээлде тейлөөгө жана курууга финансылык каражаттар жетишсиздиги байкалып жатат.

Региондорду өнүктүрүү перспективасын эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү маанидеги жолдор үчүн, айрыкча райондордук  жана облустук борборлордогу жолдор үчүн атайын программа иштеп чыгып,  аны ишке ашырууга керектүү каражаттарды табуу милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча региондордогу автомобилдик жолдорду реабилитациялоо өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн республикалык жана эл аралык маанидеги стратегиялык  жаңы автотрассаларды куруу сыяктуу эле мааниге ээ.

2015-жыл 15-май