Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин учурдагы ишмердиги, ошону менен катар геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу укугун алуу боюнча аукциондорду өткөрүү, тоо кендерин казып чыгаруу тармагына инвестицияларды тартуу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этаптары тууралуу маалымат берилди.

Ошону менен бирге директор Дуйшөнбек Зилалиев Президент Алмазбек Атамбаевге “Жеруй” кенинин жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчү-компаниясы тарабынан алынган милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу жана инвестордун мындан ары аны иштетүү пландары туурасында баяндап берди.

Мамлекет башчысы тоо кендерин иштетүү тармагын өнүктүрүүнү жана улуттук байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу колдонууну жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду калыс жана ачык-айкын өткөрүү жолу менен гана жетишсе болот деп баса белгиледи.

2015-жыл 14-май