Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаевдин 1941-1945 жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!

Жолдош жоокерлер жана сержанттар! Офицерлер жана генералдар!

Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ардактуу ардагерлер, Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 70 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы  турмушка жол ачтыңыздар.

Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеңиштин мааниси бийиктеп даана көрүнүүдө. Чындыгында эле бул Улуу Жеңиш! Жакшылыктын - жамандыкты, жарыкчылыктын - караңгылыкты Жеңиши! Тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш!

Уважаемые соотечественники! Дорогие наши ветераны!

Товарищи солдаты и сержанты! Офицеры и генералы!

Сегодня мы отмечаем 70-летие Великой Победы! Всенародный праздник, ставший символом торжества справедливости. Неизбежности победы добра над злом. Символом непобедимости народа, когда он един, когда сплачивается вокруг благородной цели. Когда защищает свою землю. Когда борется за свободу и независимость.

Четыре года продолжалась самая страшная в истории человечества война. Наиболее тяжелые испытания выпали на долю республик бывшего Советского Союза. Тяжелая горечь войны коснулась каждой семьи. Полуторамиллионный Кыргызстан направил на фронт 365 тысяч воинов. Каждый четвертый из них погиб. 150 тысяч вернулись в Кыргызстан с боевыми орденами и медалями. 73 воина-кыргызстанца стали Героями Советского Союза.

Имена многих наших земляков стали легендарными: Чолпонбай Тулебердиев, Тукубай Тайгараев, Николай Лященко. А подвиг защитников Москвы из знаменитой Панфиловской дивизии почитается во всем мире как символ воинского героизма и самопожертвования.

В первые годы войны из России было эвакуировано в Кыргызстан более 140 тысяч человек. Все они нашли на нашей земле хлеб, приют и тепло. Многие из детей блокадного Ленинграда обрели здесь новых родителей.

Огромный вклад в Победу внесли остававшиеся в тылу старики, женщины и дети. Кыргызстан производил для фронта вооружение, одежду, продовольствие. 

Сегодня мы вновь склоняем головы перед памятью погибших на фронтах и не доживших до юбилея солдат Великой Отечественной войны, тружеников тыла. Вечная им слава!

Низкий поклон вам, дорогие ветераны войны и труда! За то, что вы с нами. За то, что помогаете беречь мир! Остаетесь для молодежи примером мужества и крепости духа!

Дорогие соотечественники!

Кыргызстан - миролюбивое государство, страна свободных людей. Но празднуя 70-летие Победы, мы не должны забывать уроков Великой Отечественной войны. Помнить, что мирный труд граждан надо защищать. Кыргызстан продолжит укрепление собственных Вооруженных Сил. Перед лицом реально существующих сегодня угроз терроризма и экстремизма, мы обязаны оберегать мир, основанный на безопасности и справедливости.

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн жоокерлери!

Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен жоокерчиликти, намысты туу туткан. Тизелеп жашагандан, тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөн. Силер ошол байыркы бабаларыбыздын улуу салттарын татыктуу  улантуучу жоокерлерсиңер. Ар дайым элибизди, мамлекетибизди, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр болгула. 

Кыргызстан эли учурда кайра жаралуу доорун баштан өткөрүп, келечекке зор ишеним артып турат. Биз көп сыноолордон өтүп, адилеттүү, эркин мамлекет куруунун кенен жолуна түштүк. Кыргызстандын келечеги кең. Элибиздин жакшы турмушка, адилеттүү мамлекет курууга умтулуусун эч бир күч майтара албайт.

Эгемен Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн каарман жоокерлери жеңишчил, жаратман  муундун салттарын татыктуу улантып тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем турасыңар деп ишенем!

Улуу урматтуу cогуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздердин муун - жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну! Эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү. Мекенчилдиктин жана руханий тазалыктын мисалы! Өз жашооңор менен бизди Мекенди ардактап, ага кызмат кылууга үндөп келесиздер. Эмгекчилдикке жана  сабырдуулукка, бийик максаттарга, калыс жана жөнөкөй болууга чакырып турасыздар.

Жеңиш майрамында бардыгыңыздарга улуу эрдигиңиздер жана кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сыймыгыбыз болуп, көп жашагыла! Ар дайым жакшылыктын үстүндө жүрүңүздөр!

Урматтуу мекендештер!

Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Ынтымак, тынчтык жана туруктуулук эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылууда эң негизги шарттардын бири экендигин унутпайлы. Даңктуу тарыхыбызды урматтайлы. Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Ардактуу ардагерлерибизди камкордукка алып, алардын татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзөлү.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана  биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Уважаемые соотечественники!

С праздником вас!

С днем Великой Победы!

Урматтуу мекендештер!

Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                               Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 9-май