Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Фашизмге каршы катаал согушта көрсөтүлгөн кайталангыс эрдик, ийиндешип бирге согушкандыгыбыз белорус-кыргыз достугунун салттарын сактап жана улантуунун ишенимдүү негизи боло алат”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине - тынчтык жана  гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 8-май