Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Элдерибиз өтө оор жоготуулар, орду толгус курмандыктар менен фашизмди жеңип, тынчтыкты, эркиндикти жана Жер үстүндө бейпилдикти камсыз кылды. Ушул жаркын майрамда биз жалпы жеңиш жана эркиндик үчүн бардык күчүн, өмүрүн берген аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын каарман эрдигине, ооруктагы эмгекчилердин кажыбас эмгегине таазим этебиз. Алардын  баатырдыгы тууралуу эскерүү жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Таджикистандын Президенти Эмомали Рахмон Улуу Жеңиштин баалуулуктарына таянган достуктун жана боордоштуктун тарыхый байланыштары эки элдин келечек муундарынын бакубатчылыгы жана ар тараптуу өнүгүшү үчүн мындан ары дагы сакталып, чыңдала берээрине ишенимин билдирди.

Таджикистандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине жана согуштун, ооруктун ардагерлерине – тынчтык, бакубатчылык, чың ден-соолук жана узак өмүр каалады.

2015-жыл 8-май