Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кара-Буура айылындагы «Баатырлар аллеясы» мемориалдык комплексинин ачылышы менен куттуктоосу

Бүгүн, 2015-жылдын 8-майында, Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кара-Буура айылында «Баатырлар аллеясы» мемориалдык комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Кымбаттуу мекендештер!

Улуу Жеңиш майрамынын алдында Кара-Буура районунун борборунда «Баатырлар аллеясы» тарыхый мемориалдык комплексинин ачылып жатышы жакшы саамалык. Улуу Ата Мекендик согуштагы аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигине таазим этип, урмат көрсөтүү - адамдык ыйык парзыбыз.

Улуу Жеңишке жалпы совет эли - ар бир союздук республика, ар бир шаар, ар бир район, ар бир айыл өз салымын кошкон. Фашисттик баскынчыларды токтотуп, Жер үстүндө тынчтыкты жана бейпил турмушту сактап калуу үчүн эр азаматтарын кан майданга жөнөткөн. Оорукта калган абышкалар,аялдар, балдар төрт жыл бою күнү-түнү талбай эмгектенип, «Бардыгы фронт үчүн» «Бардыгы Жеңиш үчүн!» деп жашаган.

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң азамат аттанып, ар бир төртүнчү жоокер согуш талаасынан кайтпай калган. Өлүмгө тик караган 73 эр азаматыбыз Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга татыган. Алардын бири - көкүрөгү менен дзотту тосуп, эрдиги менен дүйнөгө таанылган Таластын тайманбаган кулуну Чолпонбай Түлөбердиев.

Биз Улуу Жеңишти, азыркы тынч заманды, бейпил турмушту тартуулаган  муундун эрдигин, каармандыгын жана майтарылбас эркин эч качан унутууга акыбыз жок.  Ар дайым терең таазим этип, урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Азыр арабызда жүргөн ардагерлерибизди, ооруктун эмгекчилерин камкордукка алып, татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз.

Жеңүүчү, жаратман муундун эрдиги, зор эмгеги тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет!

Биз улуу муундун көксөгөн тилегин - тынчтыкты, ынтымакты сактап, кийинки муунга эркин, өнүккөн Кыргызстанды өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Баардыгыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 8-май