Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан НазарбаевКыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Улуу Ата Мекендик согушта биздин элдерибиз даңктуу бабаларыбыздын жолун татыктуу улантып, каармандыктын, бийик рухтун, эрдиктин үлгүсүн дүйнө жүзүнө далилдеп берди. Ошол катаал согуш жылдарында каардуу душманды жеңген биздин мамлекеттерибиздин эли арасындагы ажырагыс биримдик түбөлүккө сакталат деп эсептейм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын  Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасында жашаган согуш ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине чың ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ал эми жалпы боордош кыргыз элине тынчтык жана байгерчилик каалады.

2015-жыл 7-май