Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Москвага учуп кетти

Бүгүн, 2015-жылдын 7-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти.

2015-жылдын 9-майында Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга, анын ичинде Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Москва облусунун Волоколамск шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышат.

2015-жыл 7-май