Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Каардуу согуш жылдары майданда  жана тылда көрсөтүлгөн улуу эрдик, кажыбас кайрат, эбегейсиз баатырдык элдерибиздин тарыхына түбөлүккө жазылып калды. 9-май - Жеңиш күнү чынында эле баарыбызды бириктирген тарыхый маанилүү окуя болуп саналат. Ошол катаал жылдардын сыноолорунан өткөн, элдерибиздин достугу, ажырагыс биримдиги мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы көп тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот деп ишенем,” - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевге, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, ошондой эле боордош Кыргызстан элине бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 7-май