Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Түркмөнстан элинин жана Өкмөтүнүн атынан, ошондой эле өзүмдүн атымдан Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктоомду жолдойм. Сиз өлкөңүздү мындан ары өнүктүрүү жана гүлдөтүү боюнча алдыга  коюлган маселелерди  ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар дайым ден-соолукта, күч-кубаттуу болушуңузду каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Улуу Ата Мекендин согуштун ардагерлерине жана достук мамиледеги Кыргызстандын бардык элине ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

2015-жыл 7-май