Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдар тапшырылат

Бишкекте жана Кыргыз Республикасынын башка шаарларында жана райондорунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирген жактарга (концлагердин туткундары, блокаданын катышуучулары ж.б.) «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземдер башталды. Мааракеге арналган медалдар 1141 ардагерге тапшырылат.

Бул жөнүндө Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 25-октябрындагы КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин тиешелүү чечиминин негизинде кол койду.

Мааракелик медалдарды тапшырууну уюштуруу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлгөн.

2015-жыл 6-май