Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:

Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Диль Валерий Исидорович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Ниязалиева Дамира Абаскановна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри.

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кудайбердиев Абибилла Алымович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Турганбаев Мелис Токтомамбетович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономика министри:

Айдаралиев Таалайбек Алимбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Малабаев Аргынбек Жумабекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;

Азыранкулов Айбек Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Табалдиев Бусурманкул Беркутович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

2015-жыл 6-май