Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Ушул күнү, мындан 22 жыл мурда, «легендарлуу парламент» өзүнүн XII сессиясында көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган. Андан бери өлкөбүз жаңы коом куруунун татаал жолун басып, оор сыноолордо өтүп, эки революцияны баштан кечирди.

2010-жылдагы апрель революциясынын жыйынтыктарынын бири - 2010-жылдын 27-июнунда быйыл биз 5 жылдыгын белгилеп жаткан өлкөнүн жаңы редакциядагы Конституциясынын кабыл алынышы. 2010-жылдагы Конституциянын редакциясын эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялуу жана прогрессивдүү деп атасак болот. Негизги мыйзам 1993-жылдагы Конституцияда түптөлгөн баалуулуктарды кайра калыбына келтирди - чыныгы парламентаризмге жол ачып, өлкө тагдыры үчүн өтө олуттуу маселени жеке адам кабыл алышына бөгөт койду.

Конституциянын негизинде сот системасын, шайлоо мыйзамдарын, коомдун жана мамлекеттин бардык тармактарын реформалоо боюнча ырааттуу иштер жасалып жатат. Биз мыйзамды, адам укугун жана эркиндигин урматтоого негизденген укуктук, демократиялуу мамлекет курууга умтулуп жатабыз.

Бардыгыбыз Кыргызстан күчтүү, өнүккөн мамлекет болсун деп тилейбиз. Бирок аны үчүн ар бирибиз укуктарыбызды гана жакшы билбестен, Конституцияда түптөлгөн милдеттерибизди дагы так аткарууга тийишпиз. Ар бир адам бул жалпы ишке өз салымын кошо алат. Биримдикте жана ынтымакта, мыйзамды урматтоо аркылуу гана көз карандысыз жана демократиялуу Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыз кыла алабыз!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды мына ушул майрамыңыздар менен куттуктайм. Чың ден-соолук, бейпилчилик жана бакубатчылык каалайм. Элибиз биримдикте жана ынтымакта болуп, Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                 Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 5-май