Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариеваны кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Билим берүү жана илим министрлигинин иши жана бул тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, Эльвира Сариева мектептердин базистик окуу планын иштеп чыгуу, мугалимдерди колдоо жаа предмет стандарттарын жаңылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Министрдин милдеттерин аткаруучу жогорку билим берүүнү реформалоо тууралуу кеп кылып, билим берүү тармагында коррупцияга каршы күрөшүүдө маанилүү кадам болгон «бир жогорку окуу жай - бир юридикалык жак» принциби боюнча ушул окуу жылдын аягына чейин жогорку окуу жайлардын санын кыскартууга тапшырма берилгенин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүү тармагында реформалардын жүрүшүнүн маанисине өзгөчө токтолуп, кайра түзүүлөр коррупцияны жоюуга жана Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатууга багытталыш  керек экендигин белгиледи.

2015-жыл 27-апрель