Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдөгү оперативдүү кырдаал жана УКМКнын азыркы ишмердиги, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүү боюнча маалымат берилди.

2015-жыл 23-апрель