Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирковду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) төрагасы, «Дүйнө элдеринин эпостору» эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алып, ага «Даңк» медалын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Александр Жирковго «Манас» эпосун, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын кеңири жайылтуу ишине, мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун ысмын түбөлүккө калтырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки тараптуу байланыштарды активдештирүүдө жана тереңдетүүдө биргелешкен ишти улантуунун маанисин баса белгилешти.

Мамлекет башчысы Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирковго «Даңк» медалын тапшырды.

2015-жыл 18-апрель