Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына «Вечерний Бишкек» жамаатынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн айыптоолорду текшерип чыгуу жана күнөөлүүлөрдү статусуна карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен КРнын УКМКсына «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн жамаатынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн баардык айыптоолорду текшерип чыгууну жана күнөөкөрлөрдү статусуна карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн жамаатынын Мамлекет башчысына кайрылуусу 2015-жылдын 17-апрелинде «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланып, ошондой эле «vb.kg» интернет-сайты аркылуу таратылган.

Бүгүн, 2015-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге кайрылууда көрсөтүлгөн баардык айыптоолорду мыйзамда белгиленген жол-жоболорду сактап, кылдаттык менен текшерип чыгуу, анын ичинде зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүү жана күнөөлүүлөрдү статусуна карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди. Жогоруда аталган жетекчилерге коомго объективдүү маалыматты билдирүүнү камсыз кылуу тапшырмасы да берилди.

2015-жыл 18-апрель