Бүгүн, 2015-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге, ошондой эле Хакасия Республикасынын Башчысы Виктор Зиминге Хакасия Республикасында өрттөрдүн кесепетинен болгон курмандыктарга жана олуттуу кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айткан телеграммасында.