Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлеринин жаңы кийим формасынын эскиздери менен таанышты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын жаңы аскер кийим формасынын эскиздери менен таанышты.

Аталган иш-чара аскердик реформаны жүргүзүүнүн этаптарынын бири болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн эскиздер негизинен Президент тарабынан жактырылып, Мамлекет башчысы андан ары иш алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын башчысына жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрине тийиштүү тапшырмаларды берди.

2015-жыл 9-апрель