Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ивета Григуле баштаган Европарламенттин делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча делегациясынын төрайымы Ивета Григуле баштаган Европарламенттин делегациясын  кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун институттарынын ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле түрдүү багыттарда мындан аркы биргелешип иш алып баруунун перспективасы талкууланды.

Мамлекет башчысы Европа парламентинин өкүлдөрү менен регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты. Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жана анын институттарына жасаган сапарынын жыйынтыктары, ошону менен бирге Мамлекет башчысынын Европа лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды.

“Бизди Европа союзу менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин абдан ыкчам өнүгүшү кубандырат”, - деп Ивета Григуле, Европа парламентинин делегациясы Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан көп векторлуу тышкы саясатты кубаттайт деп кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Европа союзунун мамилесин мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун, ошондой эле түрдүү деңгээлде туруктуу байланышты улантуу зарыл экендигин белгиледи.

2015-жыл 8-апрель