Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тактоо иретинде: «7-апрель шейиттери» мечити Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Форум» ЖЧК ИӨФнын жер участогунда курулуп жатат

«7-апрель шейиттери» мечити Алмазбек Атамбаев жалгыз уюштуруучусу болгон «Форум» ЖЧК ИӨФнын балансындагы жер участогунда курулуп жатат. Бул ишкана мамлекеттик кызматкердин декларациясында чагылдырылган, мыйзамга ылайык тиешелүү келишим менен ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.

Андан тышкары Алмазбек Шаршенович 2010 жана 2011-жылдардын жыйынтыгы боюнча декларациясында жогоруда аталган жер участогун өзүнчө бөлүп көрсөткөн. Бирок андан соң адистер декларациядагы жер участогу тууралуу өзүнчө эскертүүнү  алып салууну сунушташкан, анткени ал декларантка тиешелүү болгон юридикалык жактын балансында катталуу.

2015-жыл 7-апрель