Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди

Бүгүн, 2015-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» аянтындагы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын беш жылдыгына арналган расмий иш чаралардан кийин «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги бейиттеги мемориалдык тактага гүлчамбар коюп, революциянын баатырларын эскерди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун төрайымы Феруза Жамашева Апрель элдик революциясынын баатырларынын бейитине гүлчамбар коюшту.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде курман болгон баатырларга куран түшүрүлдү.

Иш чараларга 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Андан соң Мамлекет башчысы «Медиа-Форумдун» имаратынын жанында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорго орнотулган эстелик монументине гүл койду.

2015-жыл 7-апрель