Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Кыргызстандын Президенти тарабынан демилгеленген «7-апрель шейиттери» мечитинин курулушу башталды

Бүгүн, 2015-жылдын 6-апрелинде, Бишкекте Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгелеген «7-апрель шейиттери» мечитинин курулушу башталды.

Мечиттин курулушу 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына арналат. Бул курулушка Президент 90-жылдардан бери өзүнүн жеке менчигинде болгон борбор калаанын 7-кичирайонундагы жер тилкесин берди.

Мечиттин курулушунун башталыш аземинен кийин, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын Апрель элдик революциясынын  катышуучуларын жана шейит кеткендердин үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирген коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

2015-жыл 6-апрель