Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу, регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттенишүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылы Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөндүк Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү дагы талкууланды.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга жооп иретиндеги расмий сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшүн дагы талкуулашты.

Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги сапар эки тараптуу кыргыз-түркмөндүк мамилелерди тереңдетүүгө жаңы дем берип, бардык деңгээлдеги ырааттуу байланыштардын зарылчылыгын баса белгиледи.

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевге Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жолдогон саламын жеткирди.

2015-жыл 4-апрель