Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандянды кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Армения Республикасынын тышкы иштер министри Эдвард Налбандянды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун  маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев менен Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян өлкөлөрдүн экономикалык интеграциянын процесстерине катышуусунун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн перспективасын талкуулашты.

2015-жыл 3-апрель