Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-германдык кызматташуунун саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук эл аралык маселелерге дагы токтолуп, Украинадагы жана Борбордук Азия регионундагы кырдаалды талкуулашты.

Мамлеет башчылары ошондой эле кыргыз-германдык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча пландарга дагы токтолушту.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык Президент Йоахим Гаук Кыргызстан менен Германиянын ортосунда чоң потенциал бар экендигин жана аны ишке ашыруу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болоорун белгилешти.

2015-жыл 1-апрель