Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовду Өзбекстандын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 31-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовду Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

“Жакшы коңшулаштык, достук жана өнөктөштүк принциптеринде негизделген Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өлкөлөрүбүздүн жана боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берээрине ишенем”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовго чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 31-март